Аты-жөндөр өзгөртүлгөн.
Тергөө маалыматтарына ылайык, 2023 жана 2024-жылдары Осмон курулуш материалдарын, ошондой эле эл керектөө товарларын, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Талас облусундагы "Чон-Капка" өткөрмө пункту аркылуу импорттоого алектенген.
Иш материалдарында ишкер "салык төлөөдөн качуу боюнча туруктуу схеманы" колдонгону көрсөтүлгөн: ал цемент, мебель, карабодой, диня жана курулуш материалдары сыяктуу товарлардын көлөмүн жана баасын төмөндөтүп көрсөтүп келген. 2023-жылы Осмон товарларды 1 миллион 448 миң 660 сомго импорттосо, 2024-жылы — 17 миллион 274 миң 231 сомго импорттогон. Ошондой эле 1 миллион 498 миң 270 сомдук товардык-материалдык баалуулуктар калган.
"Бул жагдайлар эсеп-фактуралардын, накладныйлардын жана башка документтердин жоктугун тастыктап турат, бул салык эсепке алууну атайылап бурмалоо жана салык төлөөдөн качууну көрсөтөт", — деп айтылат иш материалдарында.
- Талас шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Осмон КРнын Кылмыш кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү "Салыкты жана (же) бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу" боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот ага мамлекеттин пайдасына 50 миң сом айып пул салды жана Талас облусунун ГНС башкармалыгынын пайдасына 4 миллион 572 миң 961 сомдук материалдык зыянды (салык карызы) өндүрүп алды.
- Талас облусунун сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы өкүмдү бекитти.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: nn.dk.ru.