
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү. Керим Жээнбаев
Октябрь райондук администрациясынын орун басары болуп Керим Жээнбаев дайындалды. Ал буга чейин Бишкек мэриясынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө улук инспектор болуп иштеген.

Ленин райондук администрациясынын орун басары болуп Нурсултан Бейшенбек уулу дайындалды, ал буга чейин МТУ № 106ны башкарып келген.

Бекжан Ниязов эми Октябрь райондук администрациясынын аппаратына жетекчилик кылат. Ал буга чейин Октябрь акимиатында уюштуруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.