
«Ак-Тилек» складында текшерүү жүргүзүлгөндө мөөнөтү өткөн кондитердик азыктарды ташып жаткан жүк машинасы аныкталды, ошондой эле белгиленген тартипте катталбаган товарлар табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) маалымат кызматынан билдиришти.
Продукциянын бир бөлүгү расмий документтерде жок болуп, экинчи бөлүгү мөөнөтү өткөн болуп чыкты. Натижада кармалып алынган товарлардын жалпы салмагы болжол менен 10 тонна болду.
Бул материалдар укук коргоо органдарына териштирүү үчүн өткөрүлдү. Сот мөөнөтү өткөн кондитердик азыктарды таштандыны кайра иштетүү заводунун аймагында күйгүзүү жолу менен жок кылуу боюнча чечим кабыл алды.