
Бишкекте 10-мартта Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнүн түндүк тарабынын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу борбордун мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Көпүрөнүн реконструкцияга чейинги туурасы 9 метрди түзгөн, бирок жаңыланган соң 13 метрге чейин кеңейди.
Көпүрөнүн бир тарабынын ачылышы аба ырайынын начарлашына байланыштуу болуп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган. Транспорттун кыймылы ушул тарабы аркылуу уюштурулат, ал эми көпүрөнүн экинчи тарабынын ишке кириши марттын аягына пландалууда.
Учурда көпүрөнү толук реконструкциялоо боюнча иштер тиешелүү кызматтар тарабынан улантылууда.