
Рейстер жумасына үч жолу жүргүзүлөт
Air China авиакомпаниясы 2026-жылдын июль айынан баштап Пекин - Бишкек - Пекин багыты боюнча туруктуу рейстерди ишке киргизерин жарыялады. Бул маалымат ОАО «Кыргызстандын аэропорттору» тарабынан айтылды.
Учурда Бишкектен бул багыт боюнча рейстерди China Southern авиакомпаниясы жүргүзүп, жумасына алты жолу учууларды аткарат.
«Air China авиакомпаниясынын ишке кириши менен Кытай менен авиажол катнаштары көбүрөөк ыңгайлуу жана жеткиликтүү болот», - деп белгиленет компаниянын билдирүүсүндө.
сүрөт www