
Бишкек — Улан-Батор авиакаттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
2026-жылдын 24-мартында Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев менен Монголиянын транспорт жана жолдор министринин орун басары Гочоогийн Ганболддун ортосунда жолугушуу өттү.
Сүйлөшүү учурунда транспорт тармагында кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде Кыргызстандын Азиянын авто жолдору боюнча эл аралык жүк ташуулар боюнча өкмөттөр аралык келишимге кирүү мүмкүнчүлүгүнө басым жасалды. Бул келишим 2016-жылы Монголия, Россия жана Кытай тарабынан кол коюлган.
Мындан тышкары, тараптар Бишкек менен Улан-Батордун ортосунда түз авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча демилгени талкуулашты.
Кыргызстандын өкүлдөрү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана логистика товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана туруктуу жеткирүүнү камсыз кылууда негизги роль ойнорун белгилешти. Монголия болсо өз кезегинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн өзүнчө жолугушуу уюштурууну сунуштады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча талкууланган бардык маселелер боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Сүрөт www