
Автомобиль жолу темир жолдун ордун алат
Манас шаарында темир жолду демонтаждоо иштери башталды, бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги билдиришти.
Темир жолдун демонтажы Жалал-Абад менен Кок-Жангак ортосундагы 406дан 421 кмге чейинки бөлүктө жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, иштер Манас шаарындагы Байзаков проспектинен Октябрь районундагы Ормон Бия көчөсүнө чейин жүрүүдө.
Министрликтин өкүлдөрү акыркы поезд бул бөлүктөн 1998-жылы өткөнүн жана ошол убактан бери темир жол колдонулбай калганын белгилешти.
Демонтаждоо иштерин 1-февралга чейин аяктоо пландалууда, андан кийин эски темир жолдун ордунда жаңы автомобиль жолунун курулушу башталат.
Сүрөт www