Облус милициясынын маалыматы боюнча, учурда эс алуучу зонага күн сайын келип жаткан туристтердин саны 3 500дөн 4 500гө чейин жетет.
Эс алуучулардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу укук коргоо органдары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү уюштурушту. Милиция кызматкерлери эс алуу зонасынын аймагында туруктуу көзөмөл жүргүзүп, мүмкүн болгон мыйзам бузуулар жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.
Милицияда учурда тоо лыжа базасында Кыргызстандын бардык региондорунан, ошондой эле жакын жана алыс чет өлкөлөрдөн келген туристтердин коопсуздугу толук камсыздалганын билдиришти. Мындан тышкары, жарандар арасында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын ООБДДсы 2024-2025 сезону боюнча билдиргендей, унаа тыгындары жана бөгөттөөлөр байкалбайт, бирок тоо лыжа базасына карай унаалардын агымы дайыма чоң. 2025-жылдын 3-январына карата базага 1000дей унаа кирген, 2025-жылдын 4-январында — 1100.
Тоо лыжа курортторунун аймагында токтотуучу жайлар жетишпейт, ушул себептен туристтер транспорт каражаттарын базага алып бараткан негизги жолдун боюна таштап кетишет. Тоо лыжа базасына жакын келген жерлерде көп сандагы транспорт каражаттары үчүн токтотуучу жайлар дагы жок.
Тоо лыжа базасына унаа тыгындары ар бир жаңы жылдык майрамда байкалат. Мындай көрүнүш 2024-жылдын январь айында болгон.
2024-2025 жылдары тоо лыжа базасына алып бараткан жол оңдолду. Каракол шаарынан тоо лыжа базасына чейинки жолдун узундугу 7,1 км. Жолдун туурасы оңдолгондон кийин азыр 6 метрди түзөт.