
Бишкек ШИИБинин УПСМ кызматкерлери К.М. (2001-жылы туулган), А.Н. жана М.М. (экиси 2004-жылы туулган) жана Б.Р. (2001-жылы туулган) аттуу жарандарды коомдук тартипти бузуу шектелип кармашты.
Кармалгандарга Кыргыз Республикасынын Кодексинин 126-беренеси боюнча "Кичине хулигандык" боюнча протоколдор түзүлдү. Керектүү процессуалдык иштер аяктагандан кийин аялдар убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
А.Н.га мүлктү бузуу боюнча өзүнчө иш ачылды, бул боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлүүдө.
Укук коргоо органдары коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөөрүн эскертишти. Ошондой эле, ар бир укук бузуулар оперативдүү юридикалык баага алынарын белгилешти.