Троллейбустар транспорт инфраструктурасын түзүүдө негизги роль ойнойт, экологиялык жактан таза мобилдүүлүктү камсыз кылып, бардык жашоочулардын, анын ичинде аз кыймылдуу топтордун жана балдардын муктаждыктарын эске алат.Бул юбилейлик датага карата #Бишкек Смог инициативасы тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара пландалууда.
Ардактуу коноктордун арасында троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери болот, жана электромобильдүүлүк тармагында иштеген бардык адамдарды майрамга катышууга чакырабыз!
Иш-чаранын программасы
Биринчи бөлүк: эксперттер менен тегерек стол- 17:00-17:15 - Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин, ошондой эле Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөзү (такталууда).
- 17:15-17:30 - "Шаардык электр транспортунун тарыхы жана азыркысы" - Лейпцигдеги Лейбниц Регионалдык география институтунун илимий кызматкери Егор Мулеевдин онлайн баяндамасы.
- 17:30-17:45 - ПРООН КРдин профессору Анхель Апарисионун электромобильдүүлүк долбоору боюнча презентациясы. Ал 2009-жылдан бери Мадрид техникалык университетинин транспорт факультетинде сабак берет (онлайн, англис тилине которуу менен).
- 17:45-18:00 - БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары, ЕБРР, АБР жана "Бир Дуйно - Кыргызстан" өкүлдөрүнүн чыгышы (такталууда).
- 18:00-18:30 - суроо-жооп сессиясы.
- 18:30-18:50 - электр транспортунун темасында викторина.
- 18:50-19:30 - музыкалык белек жана троллейбус башкармалыгынын ардагерлерине ыраазычылык билдирүү.
Партнерлор: Лейбниц атындагы Регионалдык география институту (Лейпциг, Германия), The Eurasian Climate Brief.