


Министрликтин маалыматына ылайык, жырткыч куштун абалы канааттандырарлык болуп, жаракаттар же мыйзамсыз кармоо белгилери табылган жок.
Министрликте соколдор сейрек кездешүүчү куштар болуп, экологиялык тең салмакты сактоодо маанилүү роль ойнорун белгилешти. Жабайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана алардын табигый жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү аракеттери Кыргыз Республикасында мыйзам менен жазаланат.