Бишкектин жанында аэропортко альтернативдүү жол куруу маселеси каралууда

Ирина Орлонская Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
17-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Эл аралык «Манас» аэропортуна алып бараткан альтернативдүү жолдун долбоору менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жана анын кесиптештери долбоордун максаттары, техникалык мүнөздөмөлөрү жана ишке ашыруу этаптары тууралуу маалымат беришти.

Келечектеги төрт тилкелүү жолдун узундугу 17 чакырымды түзүп, Бишкектин Түндүк айланма жолунун Молодая Гвардия бульвары менен кесилишинен башталат. Долбоордун алкагында эки деңгээлдүү транспорттук түйүн куруу, ошондой эле жарыктандыруу жана аймакты жашылдандыруу пландалууда.

Ошондой эле, алдыда изилдөөлөр жана долбоорлоо иштеринин күтүлүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, Чүй облусунда Мраморное жана Виноградное айылдарын байланыштырган узундугу 8,7 чакырымдык эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Транспорт министрлиги бул долбоор транспорт тыгындарын азайтууга, жолдордо коопсуздукту жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана регион аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: