
2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул маалымат Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган жыйында айтылды.
Жыйында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички иликтөө кызматынын начальниги Улан Бийбосунов, ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев жана башка аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Кырсыктардын негизги себептери катары ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоодо катачылыктар, каршы тилкеге чыгуу, транспорт каражаттарын алкогольдук мас абалда башкаруу, ошондой эле кесилиштерде талаптарды аткарбоо жана жол белгилерин, аралыкты сактабоо белгиленет.
Фото www