
Эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунда жамгырдуу аба ырайы себептүү авиарейстердин токтотулганы тууралуу маалымат берилди, деп билдирет «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы.
Азыркы учурда үч рейс төмөнкү багыттар боюнча токтотулду:
Анталия;
Казань;
Шарм-эль-Шейх.
Аэропорттун аймагында көрүнүш мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп кетиши белгиленди. Ошондуктан, рейстердин токтотулушу 11:00гө чейин улануусу мүмкүн.
Жол жүрүүчүлөрдү авиакомпаниялардан учуу тууралуу актуалдуу маалыматты текшерүүгө жана жаңылыктарды көзөмөлдөөгө чакырышат.