
Бул үчүн атайын система орнотулат
«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, учурда III категориядагы (CAT III) жарык-сигнал системасын киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул жаңылык авиаперевозкалардын коопсуздугун жана аэропорттун ишенимдүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
«CAT III системасы күчтүү туман жана начар көрүнүш шарттарында да аба кемелерин кабыл алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт, бул рейстердин кечигүүсү жана жокко чыгарылышынын ыктымалдуулугун кыйла азайтат, ошондой эле аба каттамдарынын туруктуулугун жогорулатат. Бирок, ар бир конкреттүү учурда конуу боюнча акыркы чечим экипаждын колунда, алар чыныгы аба ырайы жана учактын мүнөздөмөлөрүн эске алышат», — деп белгилешти маалымат кызматы.
Мындан тышкары, маалымат кызматынын өкүлдөрү жаңы жарык-сигнал жабдууларын орнотуу эл аралык жарандык авиация стандарттарына ылайык жүргүзүлүп жатканын жана «Манас» аэропортун мындан ары модернизациялоо программасынын бир бөлүгү экенин кошумчалашты.
Маалымат кызматынын сүрөтү