
Көргөзмө, 1940-жылдан тартып Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин музейдин коллекциясында сакталган сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде пейзаждын кандайча көрсөтүлгөнүн чагылдырат.
КНМИИнин сүрөтү
«Биз сунушталган эмгектерди беш темалык топко бөлдүк, бул сүрөтчүлөрдүн Кыргызстандагы пейзажды кабыл алууларынын тарыхый мезгилдерде жана контексттерде кандайча өзгөргөнүн көрсөтүү үчүн. Музей фондундагы сүрөт жана графикага заманбап авторлордун чыгармалары кошулууда», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Сүрөт жана графикалык эмгектерден тышкары, көргөзмөдө урбанизация жана индустриализациянын кесепеттерине көңүл бурган фотоматериалдар жана видеоработалар да көрсөтүлөт, экологияга келтирилген зыянга басым жасалат.