Бишкектин борборундагы ооруканалар сакталат. Генпланды иштеп чыгуучулар шаардыктарды тынчтандырышты
Жакында Бишкектин 2050-жылга чейин өнүгүү жалпы пландарына арналган коомдук угууда медициналык мекемелерди жайгаштыруу жана тез жардамдын жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы бул тууралуу билдирди. Шаардык жашылдандыруу боюнча эксперт Дмитрий Переяславский генплан материалдарын изилдеп, медициналык объектилерди шаар борборунан тышка которуу боюнча кооптонууларын билдирди.