2-февралга карата катталган төмөнкү талапкерлер:
- Алиева Эльмирахан Кочорбаевна.
- Апсабырова Гулнура Байышовна.
- Атабекова Кызжибек Азимжановна.
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна.
- Бейшенкул уулу Амантур.
- Белеков Мелис Касымович.
- Жолдошов Тумонбек Эркинбекович.
- Мажитова Шарапаткан.
- Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич.
- Маматаев Эркинбек Садырбекович.
- Юлдашева Зиядахан Исламовна.
- Аьбыразакова Гульнара Пазылжановна.
- Абдималиков Уланбек Абдималикович.
- Арстанбеков Акылбек Советбекович.
- Асанов Уланбек Жалалович.
- Базарбаев Каныбек Суйунчубекович.
- Калдаров Токторали Калдарович.
- Койчумановануркан Кадыровна.
- Мацаков Бакыт Калпаевич.
- Нуриев Кубан Бактыбаевич.
- Султанова Айжан Абыдкапаровна.
- Темирбаева Махсудхан Юлчиевна.
- Чолпонов Кубанычбек Калдарбекович.
- Чомоев Алмазбек Алытнбекович.
- Эгембердиев Асланбек Абдыкайымович.
Агитация мезгили 9-февралда саат 8:00дө башталып, 28-февралда түн ортосунда аяктайт. Добуш берүү күнү 1-мартка белгиленген, жыйынтыктар 15-мартка чейин чыгарылышы керек.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 3-декабрында ЦИК №13 округдагы шайлоолорго байланыштуу мыйзам бузууларды караган, анда 94 шайлоо участогу түзүлгөн. Округда 160 340 шайлоочу жашайт. Эрте шайлоодо 14 депутаттыкка талапкер катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө катталган талапкерлердин байкоочулары добуш берүү күнү 35 шайлоо участогунда мыйзамсыз камераларды орнотуп, добуш берүүнүн сырын бузушкан. Натыйжада ЦИК добуш берүүгө катышкан 14 талапкердин бардыгынын каттоосун жокко чыгарды.