Указ 11-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду.
Бул демилге мамлекеттик стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат, ал "жашыл" айыл чарбаны өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, табигый ресурстарды сактоого жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Жашылча.
Улуттук күнү органикалык продукциянын ярмаркасы жана көргөзмөлөрү, ошондой эле фермерлер үчүн семинарлар жана тренингдер, жаштар үчүн билим берүү иш-чаралары пландалган. Ведомстводо бул экологиялык багыттагы экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын эл аралык имиджин жакшыртуу үчүн маанилүү кадам экендигин белгилешти.