
Сөзүндө Талиева Осмоновдун адис катары жакшы репутациясы бар экенин белгилеп, бирок ал министрликтин ичинде абдан кыйын система менен беттешип жатканын айтты.
“Бул дары-дармек мафиясы. Онкология критикалык абалда. Биздин өлкө рак оорусу боюнча лидерлик орундарды ээлеп турат. Сиздерге эл аралык медициналык кызмат көрсөтүү стандарттарын киргизүү керек. Бизде совет заманына окшош пациенттер менен кызматташуу жана байланыш маданияты жок”, - деп кошумчалады ал.