Ал бул эскертүү умра жана хадж сыяктуу зыярат сапарларына да тиешелүү экенин кошумчалады жана кырдаал турукталганча Сауд Аравиясына умра үчүн барууга киргизилген чектөөлөрдү эске салды.
“Кандай себептерден болбосун, сапарлардан баш тартуу керек,” - деп баса белгиледи ал.Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бул өлкөлөрдө болуп жаткан кыргызстандыктар жергиликтүү элчиликтер жана консулдуктар менен байланышта болушу керек.
28-февралда Израиль жана АКШ Иранга сокку урду, андан кийин Дональд Трамп Ислам Республикасынын ядролук программасын жок кылуу пландары тууралуу билдирди.
Жооп катары Иран Израильге жана америкалык аскер базалары жайгашкан башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку урду. Сокку Бахрейнге, Катарга, Кувейтке, Абу-Даби жана Дубайга (БАЭ), ошондой эле Эр-Риядга (Сауд Аравиясы) багытталды.
Американо-израиль операциясынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза болуп, анын жубайы Мансуре Ходжасте алган жаракаттарынан улам жакын арада дүйнөдөн кайтты.
Трамп Ирандагы аскердик операция төрт жумага созулат деп билдирди. Жооп катары Иран АКШ жана Израилге каршы жихад жарыялап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын айтты.
Жакынкы Чыгыштагы конфликт глобалдык кесепеттерге ээ, анын ичинде Кыргызстан үчүн. Мындан улам миңдеген туристтер БАЭде калып кетишти. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн элчиликтердин жана консулдуктардын телефон номерлерин бул жерден табууга болот.