
«Синьхуа» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай ийгиликтүү түрдө өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан эки жаңы спутникти ишке киргизди.
«Шицзянь-29А» жана «Шицзянь-29Б» деп аталган спутниктер «Чанчжэн-7A» ракетасынын жардамы менен орбитага чыгарылды. Ишке киргизүү Пекин убактысы боюнча 06:40та болду, жана эки спутник тең өзүнүн максаттуу орбиталарына ийгиликтүү жетти.
Жаңы спутниктердин негизги милдети космостук объекттерди аныктоо үчүн заманбап технологияларды сыноо болуп саналат.
Бул ишке киргизүү «Чанчжэн» ракеталык программасынын тарыхында 623-ишке киргизүү болду.