Черногориянын Тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Марина Онегина Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram

2026-жылдын 23-24-мартында Кыргызстан Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичти кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Визит учурунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен, ошондой эле өлкөнүн башка жогорку кызмат адамдары менен жолугушуулар пландалган.

Музакералардын алкагында саясат, экономика жана маданият тармактарында кызматташтыкты улантуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча пикир алмашышат, ошондой эле эл аралык уюмдар алкагында биргелешкен ишмердүүлүктү талкуулашат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: