
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик басма үйүн түзүү боюнча указды бекитти. Президенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, бул чечим өлкөнүн маалыматтык саясатын өнүктүрүүгө, полиграфиялык инфраструктураны жакшыртууга, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын туруктуу ишин камсыздоого жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштырууга багытталган.
Бул указга ылайык, өкмөткө "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" басмаканаларын, "Байчечекей" балдар журналы жана "Ала-Тоо" адабий-өнөр журналы сыяктуу бир нече маанилүү медиа-структураларды бириктирүү тапшырылды. Бул уюмдардын негизинде жаңы бирдиктүү мамлекеттик басма үйү "Кыргыз Туусу" түзүлөт. Ошол эле учурда "Жеткинчек" гезитинин жана "Кырчын" журналындагы редакциянын иши токтотулат.
Реорганизация учурунда Министрлер Кабинети жаңы басма үйүнүн жобосун, штаттык расписаниясын жана финансылык планын иштеп чыгышы жана бекитиши керек. Указ ошондой эле маданият жана маалымат уюмдарынын штаттык расписаниян 22 бирдикке көбөйтүүнү карайт. Документ расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.