
Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда куткаруучулар Жулгур жайлоосунда кар көчкүгө кабылып жоголгон 37 жаштагы эркек кишинин денесин тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя 31-январда болгон, ошол учурда жергиликтүү тургундар аңчылыкка жайлоого барышкан. Ошол убакта кар көчкү болуп, аңчынын бири анын астында калып кеткен.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү бир нече күнгө созулуп, каза болгон эркек кишинин денеси табылды.