Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
11-февралда эртең менен ИИМдин тергөө органдары президентке кайрылууга кол койгон 75 адамды суракка чакырды. Тергөө маалыматтарына ылайык, демилгечилер Т. Б., У. Э. жана Д. К. болуп, алардын үчөө тең үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

КР ИИМдин маалымат кызматынын сүрөтү.
Кармалгандардын ысымдары милиция тарабынан ачыкка чыгарылган жок, бирок бар болгон маалыматтарга ылайык, алар Бекболот Талгарбеков, Эмиль Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев болушу мүмкүн, алар дагы кол койгондордун арасында жана суракка чакырылгандыгы тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар берилген.