
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, окуя 14-февралда, саат 00:30 чамасында Москва районунун Петровка айылында болгон. Үч эркек — Т.М., Т.Ж. жана К.К. — Бишкектен келип, алкоголдук мас абалда болушкан. Фрунзе көчөсүндө алар А.Э. жана анын тааныштары менен жолугушуп, сөз талашка киришип, андан кийин мушташка айланган.
Мушташ учурунда Т.М. коомдук тартипти бузуп, бычак колдонуп, А.Э.ны жаракаттады.
Окуядан кийин Т.Ж., Т.М. жана К.К. унаа менен окуя болгон жерден кетишкен.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси (хулигандык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн — 2003-жылы туулган Т.Ж. жана Т.М.нын жеке башын аныкташкан, алар кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана мүмкүн болгон катышуучуларды табуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.