
Курмандыкты издөө 12-февралдан башталды
Суусамыр өрөөнүндө ТЖМ куткаруучулары кар көчкү астында калган чабандын денесин тапты.
Маалыматка караганда, 18-февралда издөө операциялары учурунда 59 жаштагы Д.А.нын денеси кардын астынан чыгарылды.
Жалпысынан, издөө иштерин жүргүзүү үчүн болжол менен 70 адам тартылган.
Эскерте кетсек, кар көчкү 12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айылдык аймагындагы Кызыл-Ой айылында жайлоо Бороондууда түшүп, натыйжада чабан, 50 кой жана бир ат каза болгон.
Ошондон бери куткаруу операциялары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Сүрөт www