
Шектүү кармалды
Бишкек ШИИБи телефон аркылуу алдамчылыкка байланыштуу шектүүнүн кармалганы тууралуу маалымдады.
2025-жылдын 12-декабрында Свердлов райондук ИИБине 1949-жылы туулган М. О. аттуу аял жазуу түрүндө арыз менен кайрылды. Ал алдамчылар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеримин деп өзүн тааныштырган, анын 850 000 сом акчасын алдап алганын, андан кийин байланышка чыкпай калганын айтты.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралар жана техникалык иликтөө жүрүшүндө 2004-жылы туулган А. Ж. аттуу жаран кармалды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www