
Ал машыгуунун учурунда кызга жаракат келтиргендиги үчүн айыпталууда
А.М. милицияга 7 жашар кызын машыктырган машыктыруучуга чара көрүү зарылдыгын билдирген. Ал машыгуунун учурунда баланын денесине зыян келтирилгенин билдирүүдө. Бул маалыматты Бишкектин Октябрь РУВДсынын басма сөз кызматы тастыктады.
Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Саламаттыкка оор зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүү иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери машыктыруучунун жеке башын аныктап, 2002-жылы туулган А.Н.ны кармашты.
Машыктыруучу тергөө бөлүмүнө жеткирилди жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www