
Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген эркекти кармашты. Бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Берилген маалыматка ылайык, 13-февралда укук коргоо органдарына М.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал 2024-жылдын декабрь айында У. аттуу адам алдамчылык жолу менен анын акчасын алып, "Кумтор Голд Компани" компаниясында жумушка орноштурууну убадалаганын, андан кийин 135 000 сом менен изин жашырып кеткенин айтып берген.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1990-жылы туулган З.У. аттуу шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Мындан тышкары, тергөө учурунда ал дагы алты окшош кылмышка катышы болушу мүмкүн экени аныкталган.
Милиция бул жосунсуз адамдын жертвасы болгон же анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ болгон бардык адамдарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырат:
0 (704) 433-666, 0 (502) 441-112 же 102.
Тергөө уланууда.