Мамлекетке Базар-Коргон районундагы участок кайтарылды

Наталья Маркова Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Башкы прокуратура Базар-Коргон районунда мыйзамсыз алынган жер тилкесинин муниципалдык менчикке кайтарылганын билдирди.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда 2006-жылы 1 Май айыл өкмөтүндөгү 9,2 гектар жер тилкеси жеке колго мыйзам бузуу менен өткөрүлгөндүгү аныкталды.

Прокураторанын аракеттеринин натыйжасында, базардык баасы 7 миллион 763 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: