
Окуя болгон жерге келген тергөө-оперативдик топ 67 жаштагы айыл тургунунун денесин тапты. Алдын ала маалыматтар боюнча, 50 жаштагы үй ээси Ш.Р. менен 1958-жылы төрөлгөн коңшусу Т.И. ортосунда спирттик ичимдиктерди биргеликте ичип жатканда конфликт чыккан. Талаш учурунда Ш.Р. коңшусунун жамбашына бычак сайып, ал кан жоготуп, өлүмгө учураган.
Чүй облусунун ИИБнин сүрөтү
Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 130-беренеси «Саламаттыкка оор зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.