
«Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, бул кечелер өткөн жайлардын бири жабылды», - деп белгиленет расмий билдирүүдө. - Ошондой эле, порнографиялык материалдарды таратууга байланыштуу КРнын укук бузуулар кодексинин 109-беренеси боюнча уюштуручуларга айыппулдар салынды. Айыппулдар Т. И. (2002-жылы туулган), И. А. (1996-жылы туулган), О. Г. (2001-жылы туулган), Р. Д. (1999-жылы туулган) жана Ж. А. (2001-жылы туулган) адамдарга белгиленди».



Ар бир мыйзам бузган адам 10 миң сом айыппулга жыгылды.Укук коргоо органдары ошондой эле жарандарга, ата-энелерге жана жаштарга коомдук нормаларды жана мыйзамдарды сактоого чакырышты. Алар порнографиялык материалдарды, анын ичинде онлайн-контент жана мессенджерлер аркылуу таратууга катышуу юридикалык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экенин эскертишти.