
10-январда Джалал-Абад облусунда жайгашкан Манас шаарында 40 жаштагы аялдын денеси табылган. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ал асылган абалда табылган.
Джалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя тууралуу сигнал Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн дежурдук бөлүмүнө тез жардам кызматы тарабынан келген. Маркум жергиликтүү тургун И. В. 1985-жылы туулгандыгы аныкталган.
Окуя тууралуу маалымат электрондук эсепке алууга катталган, алдын ала текшерүү башталган. Окуя болгон жерге оперативдүү-иликтөө тобу чыгып, дененин сырткы көрүнүшүн текшерген. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.