
Аялдын билдирүүсүнө ылайык, агасы апасы уктап жаткан учурда, аны жастык менен бууштукка аракет кылган.
«Апасы каршылык көрсөткөндө, ал аны денесинин ар кандай жерлерине бир нече жолу урган. Бул окуя катталып, Ж.С.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 138-беренеси "Кыйноо" боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат билдирүүдө.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.С.нын аялы А.Г. менен WhatsApp тиркемесинде болгон кат алышуусу каралган, анда ал өзүнүн апасы Ж.М.ны өлтүрүү ниетин билдирген», — деп такталган билдирүүдө.
Ж.С. Кыргыз Республикасынын УПКсынын 96-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Райондук сот аны эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды.