
ГКНБнын маалыматына ылайык, сот кызматкерлери кылмыш кылуу үчүн биригишкен, жок адамдардын эмгек иши тууралуу жалган маалыматтарды киргизишкен. Ошентип, алар мыйзамсыз финансылык пайда алышкан.
Бул схема мамлекетке олуттуу зыян келтирип, сот бийлигине болгон ишенимди төмөндөтүп, соттук жамаатта моралдык климатты начарлаткан. Муну менен байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Документтерди жасалмалоо коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталды.