


Кармалгандардын бири, 1979-жылы туулган Г.Д. аттуу жаран Бишкекте табылган. Ал атайылап ден соолукка оор зыян келтиргендиги жана мыйзамсыз чек араны кесип өткөндүгү үчүн издөөдө болгон.
Кармоодон кийин ал Первомай районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына зарыл процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн жеткирилди.
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда болушу мүмкүн болгон кылмышкерлерди издөө жана кармоо үчүн Интерпол менен активдүү кызматташууну улантууда.