Жыйын 2-февралда Анталияда башталып, 18-февралга чейин уланат.
Иш-чарага 18 судья, 24 судьянын жардамчысы, 7 инструктор, ошондой эле врач-массажист жана АФКдан чакырылган адис катышууда.
Кыргызстан футбол союзуна ылайык, судьялар физикалык даярдык менен алектенишет, теориялык лекцияларды угушат, видео талкууларга жана практикага катышышат, ошондой эле матчтарды тейлешет.
Мындан тышкары, оюн эрежелери боюнча тестирлөө, VAR системасы боюнча экзамендер жана физикалык даярдык боюнча контролдук тесттер өткөрүлүүдө.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация The Kyrgyz Football Union (@kfu_kgz) тарабынан