
Турнирдин биринчи күнүндө 10 метрлик Air Pistol (пневматикалык пистолеттен ок атуу) дисциплинасында жаштар арасында Бектенов мыкты натыйжа көрсөтүп, экинчи орунду ээлеп алды.
Сүрөт Маданият жана спорт министрлиги тарабынан берилди. Имандос Бектенов
Кыргызстандын дагы бир өкүлү Аскат Токмоков чоңдор арасында катышып, жетинчи орунду алды.
Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда, ал эми Кыргызстанды чемпионатта 16 спортчудан турган команда көрсөтүүдө.