





21-февралда Кыргызстандын улуттук курама командасы жеңил атлетика боюнча Фукуока шаарында өткөн 18-Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул маалыматты Физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жарыялады.
Командада Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу катышып, 10 чакырым аралыкты ийгиликтүү өтүп, күмүш медалдарды жеңип алышты.
Биринчи орун Япониянын курама командасына, үчүнчү орун Кытай Эл Республикасына тийиштүү болду.