

Мамлекеттик спорт агенттигинин маалыматына ылайык, Нурсултан Кенешбеков Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Сорундар 6-февралдан 8-февралга чейин Кытайдын Тяньцзин шаарында өтүп, Кыргызстандык жеңил атлеттер жакшы жыйынтык көрсөтүштү.
Чемпионаттын биринчи күнүндө Искендер Чокаев 800 метрге чуркап, 1 мүнөт 56,83 секунд менен 10-орунду ээледи. Руслан Литовский 400 метрге чуркап, 49,57 секунд менен 14-орунга чыкты.
Экинчи күнү Нурсултан Кенешбеков 3000 метрге чуркап, 7 мүнөт 55,06 секунд менен күмүш медаль утту. Ошол эле дисциплинада Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду ээледи.
Ошентип, экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча Нурсултан Кенешбеков Азия чемпионатында күмүш медальга ээ болду.