
Архивден алынган сүрөт. Валерий Березовский кайрадан «Абдыш-Ата» клубун жетектейт
Клубдун басма сөз кызматынан билдиргендей, «терең билимге ээ тажрыйбалуу машыктыруучу кыргызстандык футбол жөнүндө кайрадан команданы жетектөө үчүн кайтып келди».
Эскерте кетсек, 2017-жылы Березовский «Абдыш-Ата» командасынын машыктыруучусу болуп турганда, клуб Кыргызстан чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Кийинки сезондо анын жетекчилигинде команда коло медальдарды жеңип алган.
Мындан тышкары, ал Кыргызстандын жаштар курамасы (U-23) менен иштөө тажрыйбасына ээ жана «Алга», «Мурас Юнайтед» жана «Нефтчи» (Кочкор-Ата) сыяктуу клубдарды машыктырган.