Турнир 6-апрелден 12-апрелге чейин Бишкекте өткөрүлөт.
2025-жылдын сентябрында UWW кийинки Азия чемпионатын Иорданияда өткөрө турганын жарыялаган.
UWWнын президенти Ненад Лалович декабрь айынын башында Бишкекке келип, андан кийин Азия чемпионаты ушул шаарга өткөрүлөрү тууралуу маалымат тараган.
Учурда 2026-жылдагы Азия чемпионаты тууралуу маалымат UWWнын расмий сайтында жок.
Бишкек буга чейин чоңдор арасында Азия чемпионаттарын үч жолу — 2007, 2018 жана 2024-жылдары өткөргөн.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling) тарабынан