Группадагы биринчи оюн 6-январда Жиддада өтүп, 1:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктаган.
Оюндун 74-мүнөтүндө судья Арслан Бекбердиновдун колу менен ойногону үчүн пенальти белгиледи. «Аль-Кадисия» командасынын жарым коргоочусу Мусаб Аль-Жуваир топко жакындап, бирок Нурланбековду жеңе алган жок.
Бул учур тарыхый болуп калды, анткени Нурланбеков Кыргызстандан Азия Кубогунун бардык жаш категорияларынын финалдык турнирлеринде пенальти токтоткон биринчи дарбазачы болду.
Кыргызстан курама командасы Азия Кубогунун финалдык стадияларына жети жолу катышкан. Бул оюндарда команданын дарбазасына 7 пенальти белгиленген, алардын ичинен болгону бирөө ийгиликтүү токтотулган.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация: 🇰🇬 Кыргыз Республикасы Улуттук футбол командасы (@kyrgyzkurama)