Кубок Азиясы (U-23): Бүгүн Кыргызстан Иордания менен ойноп жатат

Яна Орехова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Бүгүн, 12-январда, Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) Саудия Аравиясындагы Азия Кубогунда үчүнчү оюнун өткөрөт.

Топтук этаптын акыркы оюнунда кыргызстандыктар Иордания командасы менен беттешет. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 22:30 да Джиддедеги стадиондо башталат.

Учурда Кыргызстандын активинде эки оюндун жыйынтыгы боюнча 0 упай бар, бирок Эдмар Ласердадын жетекчилигинде команда плей-оффко өтүү үчүн теориялык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул үчүн кыргызстандыктар Иорданияны эки гол айырмасы менен жеңиши керек жана Саудия Аравиясынын Вьетнамга утулушун күтүү зарыл.

Үчүнчү турдун оюндардын графиги:

22:30 Иордания - Кыргызстан

22:30 Саудия Аравиясы - Вьетнам
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: