Азия Кубогу (U-23). Кыргызстан футбол боюнча командасы утулуп, турнирдэн чыгып калды

Виктор Сизов Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Азия кубогундагы футбол боюнча Кыргызстандын жаштар командасы Иордания командасына жеңилди. Оюнду «НТРК-Спорт» телеканалы трансляциялады.

Оюн 0:1 эсебинде атаандаштын пайдасына аяктады.

Мурда кыргыз командасы Саудия Аравиясы жана Вьетнам командаларына жеңилип калган, бирок акыркы топтук оюнда жеңишке жетсе, плей-оффко чыгуу үчүн үмүтүн сактап калган.

А тобунан плей-оффко Вьетнам жана Иордания командалары өттү.

Турнир Саудия Аравиясында 16 команда менен өтүп жатат, алар төрт топко бөлүнгөн. Ар бир топтон эң мыкты эки команда кийинки этапка өтөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: