20-январда Минск шаарындагы «Динамо» расмий түрдө 25 жаштагы футболчу менен келишим түзүлгөнүн билдирди.
Алыкулов өткөн сезонду Москвадагы «Торпедо» клубунда баштаган, бирок негизги курамда орунду сактап кала алган жок.
Футболчу 2019 жана 2023-жылдары Гроднодогу «Неман» командасында ойноп, Беларусь чемпионатында тажрыйбага ээ.
Өткөн сезондо «Динамо» командасы Беларусь Жогорку лигасында экинчи орунду ээлеп, УЕФА Конференция Лигасынын квалификациясына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Беларусь чемпионатында Гулжигит Борубаев «Неман» командасында жана Эмир Эрнисов «Минск» клубунда ойноп жатышат.
Беларусьтан өткөн сезонду аяктаган соң Алимардон Шукуров жана Амартур Шамурзаев Кыргызстандын чемпионатында «Мурас Юнайтед» жана «Өзгөн» командаларында карьерасын улантышат.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Футбол клубу Динамо Минск (@fcdinamominsk) тарабынан