
Мамлекеттик сатып алууларды ачык кылуу темасындагы жолугушуу 22-январда Каржы министрлигинде өттү. Иш-чарага каржы министринин орун басары У. Календиров жана Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча регионалдык менеджери Ф. Гойя катышты.
Министрлик тарабынан берилген маалыматка ылайык, талкуу мамлекеттик сатып алуулар системасын модернизациялоо процессине, ошондой эле ачыктыкты, натыйжалуулукту жана атаандаштыкты жогорулатууга багытталган инициативаларга арналган.
Календиров Каржы министрлиги сатып алуулар методологиясын жакшыртуу, институттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү жана бул процесстердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн цифрдык платформаларды өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барууда экенин белгиледи.
Гойя болсо, Кыргызстандын жетишкендиктерин баалап, Дүйнөлүк банктын реформалардын жол картасында белгиленген иш-чараларды колдоо боюнча эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун натыйжасында тараптар мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформаларды ийгиликтүү илгерилетүү үчүн координацияны жана маалымат алмашууну улантуу боюнча макулдашууга келишти.