
Минэнерго билдирет, долбоордун алкагында үч эски энергетикалык объектти реконструкциялоо пландалууда:
- Кара-Куль РЭС имараты,
- Аксый РЭСине кирген Кербен УЭС имараты,
- Токтогул РЭСине тиешелүү Уч-Терек УЭС имараты.
Мындан тышкары, аймакта 5000 бетон опорду алмаштыруу, 270 чакырым аба электр өткөргүчтөрүн заманбап өзүн-өзү колдоп турган изоляцияланган проводдорго (СИП) модернизациялоо, ошондой эле 50 жаңы трансформаторду орнотуу пландалууда.
Бул иш-чаралар электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана энергетика секторунда ачыктыкты түзүүгө багытталган.